Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

ЕАЭБ доллар менен евродон баш тартуу маселесин талкуулай электиги айтылды


Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр доллардан жана евродон толук баш тартуу маселесин азырынча талкуулай электигин Евразия экономикалык комиссиясынын расмий өкүлү Ия Малкина билдирди. Анын белорус журналисттерине курган маеги уюмдун расмий сайтына 5-майда жарыяланды.

Малкина азыр уюм ичиндеги соода-сатыкта ар бир мамлекеттин өзүнүн улуттук валютасын колдонууну кеңейтүү максаты коюлуп жатканын кошумчалады.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргызстан негизги азыктарды Орусиядан сатып алат.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин бул өлкө кабылган санкциялар орус рублинин кунун түшүрүп, валюта рыногунда туруксуздук жаралган учурда доллардан жана евродон баш тартуу, ЕАЭБдин өзүнүн ички валютасын киргизүү демилгелери көтөрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG