Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Муфтият Куран майрамын өткөрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 11-майда Бишкекте Куран майрамы өтөрүн Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Курандан дилим тазарат” аттуу иш-чара Улуттук филармонияда өтөт.

Иш-чаранын максаты Куран аяттарын чечмелөө экени айтылды. Анда өлкө аймактарынан тандалган мыкты карылар Куран окуса, белгилүү дин аалымдары аяттарды чечмелеп, түшүндүрүп берет.

Мындай майрам Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатканы маалым болду.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган, диний уюмдарга мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG