Жумуриятыбыздын ар кайсы аймактарында союз доорунан бери каралбай калган маданият үйлөрүн, окурмандарды өзүнө тартууга кудурети жетпеген китепканаларды көрүп жүрөбүз.
Аларды оӊдоп-түзөөгө өкмөттүн чама-чаркы жетпей келет көп жылдардан бери. Ошонун кесепетинен көпчүлүгү мамлекеттин идеологиялык, маданий-тарбиялык таянычы боло албай калууда. Натыйжада идеологиялык майданда боштук пайда болуп, ал боштукту салттуу динибизди четке чыгарууну самаган фанатизм ээлеп алууну көздөп келатканы жашыруун эмес.
Абал ушундай арсар болуп турганда кайсы бир капчыгы калыӊ ишкер тигил же бул маданият үйүн же китепкананы оңдоп-түзөөгө демөөрчүлүк кылыптыр дегенди уга элек болчумун.
Сокулук районуна караштуу 21 улуттун өкүлдөрү жашаган Төмөнкү-Чүй аймагындагы ичи жакшынакай, сырты актап-сырдала турган маданият үйүнүн ишин кайра жандандырууну, элдердин достугун күчөтүү аркылуу регионализм дартына даба боло ала турган кандайдыр бир иш-чара өткөрүүнү көңүлгө түйүп жүргөм.
Ары ойлоп, бери ойлоп, аягында "Биз достуктун үрөнүн себебиз" деп аталган өзүмдүн жеке долбоорумдун (ушул долбоор боюнча буга чейин республиканын ар кайсы аймактарында бир нече достук жыйындарын өткөргөм) негизинде ошол маданият үйүнө Ысык-Көлдүн чыгаан уулу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү драматург Бексултан Жакиевдин ысымын койдуруп, эки региондогу эки айыл аймактын элин түбөлүк достоштурууну ниет кылгам.
Кылдат ойлонулган бул иштин түйшүгү да, жоопкерчилиги да чоӊ экенин сезип турдум. Ошого карабай өзүнөн макулдук ала электе эле 2017-жылы май айында Төмөнкү-Чүй айыл аймагынын башчысы менен жергиликтүү кеӊештин төрагасына идеямды сунуш кылдым. Алар дароо колдоп, демилгеме дем кошушту. Б.Жакиев болсо көпкө ойлонгондон кийин макулдук берди. Маданият үйүн актап-сырдоого Бишкек экономикалык эркин аймагы демөөрчүлүк кылды.
Ошентип, 2017-жылдын аягында ниет кылынган салтанат маданият үйүндө өзгөчө шаӊ менен өткөрүлдү. Төмөнкү-Чүй жана Б.Жакиевдин киндик каны тамган Күн-Чыгыш айыл аймактарынын башчылары түбөлүк достук тууралуу меморандумга салтанаттуу түрдө кол коюшту. Эл акыны Ш.Дүйшеев, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Ж.Сооданбеков, президенттин кеӊешчиси С.Раев, Тоӊ жана Сокулук райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү ж.б. Бексултан Жакиевдин ысымын маданият үйүнө ыйгаруу демилгесинин мааниси тереӊ экенин, алысты жакын кылып, элдердин достугун бекемдей турган бул жаӊылыкты бүтүндөй республикага жайылтуу зарылдыгын баса белгилешкен.
Жумагул Сооданбеков бул иштин маани-маӊызына төмөндөгүдөй баа берген болчу:
"Азыр ар кайсы облус, район, аймак, өз казанында кайнап, ЖКга депутаттарды шайлоодо, кызмат адамдарын дайындоодо бөлүп-жаруучу регионализм басымдуулук кылып баратат. Бийлик вертикалын эле эмес, аймактардын горизонталь карым-катышын күчөтүү жолу менен да биримдикти бекемдеп туруу зарыл. Ушул ыӊгайдан алганда жазуучу Мирзохалим Каримовдун жаӊычыл салтты жайылтууга көтөргөн демилгесин ар тараптан баарыбыз колдошубуз керек".
Бексултан Жакиев айыл аймактын элине тереӊ ыраазычылык билдиргенден кийин:
"Мен адегенде бул сунушка каршы турдум эле. Жазуучу Мирзохалим Каримов бул иш-чара маданият үйүнө менин ысымымды коюу үчүн эле эмес, мында достукту бекемдөө, аймактар аралык биримдикти чыӊдоо максаты да көздөлүп жатканын түшүндүргөндөн кийин элге каршы боло албадым. Мен сиздерге ыраазымын жана өзүмдү сиздердин жердешиӊермин деп эсептеймин", - деген болчу толкунданып.
"Той болот, тойдун эртеси да болот" деген кеп бар элде. Тилекке каршы салтанатта "жаӊычыл демилгени колдойлу, республикага жайылталы" деген жалындуу сөздөр астейдил айтылганы менен ошол бойдон унутулду да калды. Андан бери арадан беш жылга жакын убакыт өтүп баратат. Түбөлүк достук меморандумуна кол койгон "Күн-Чыгыш" айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Сокулук районундагы Төмөнкү-Чүй айыл аймагынын өкүлдөрүн чакырып, түбөлүк достук майрамын өз жергелеринде ушунча жылдан бери улантпай келатышканы түшүнүксүз бойдон калууда. Бул иш-чара Бексултан Жакиев тирүү кезинде өткөрүлбөй калганы да өкүнүчтүү, албетте.
"Түбөлүк дос болдук, эми бири-бирибизге өбөк-жөлөк болобуз" деп сүйүнгөн "төмөнкү-чүйлүктөр" болсо "күн-чыгыштык" досторунан беш жылга жакын убакыттан бери дубай-салам угулбай келатканына кабатыр.
Кыргыздын баатыр уулу, атактуу драматург Бексултан Жакиевдин арбагы ыраазы болсун үчүн бул иш-чараны чала кылып койбой, кеч болсо да аягына чыгарууну парз деп эсептеймин. Бул маселеге Тоӊ районунун мамлекеттик администрация башчысы да көӊүл бурат болуш керек.
Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу
P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.