Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Северодонецк шаарындагы аткылоодон 10 жайкын тургун каза тапты


Северодонецк шаары. 16-апрель, 2022-жыл.
Северодонецк шаары. 16-апрель, 2022-жыл.

16-майда Украинанын чыгышындагы Северодонецк шаарында орус күчтөрүнүн артиллериялык аткылоосунан кеминде 10 жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Бул тууралуу шаар жайгашкан Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай билдирди. Анын айтымында, бул чабуулдан жайкын тургундардын турак жайларын өрт чулгады.

Ушул эле күнү Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарында бир нече жарылуунун добушу угулду. 15-майда Украинанын батышындагы Львов шаарындагы аскердик инфраструктурага Орусиянын төрт ракетасы тийгени белгилүү болгон.

Буга чейин президент Владимир Зеленский Украинанын армиясы өлкө чыгышындагы Донбасс аймагында жана түштүктөгү райондордо Орусиянын күчтөрүнүн жаңы чабуулдарына камданып жатканын айткан. Анын алдында НАТО орус армиясынын Украинанын чыгышындагы чабуулдары Москва каалагандай жүрбөй жатканын билдирген.

Орусия 24-февралдан бери Украинанын дээрлик көпчүлүк аймактарындагы ири шаарларына чабуул койгон. Киевди курчоого алуу аракети ийгиликсиз аяктап, марттын аягында жана апрелдин башында орус аскерлери Украинанын түндүгүндөгү Ирпен, Чернигов сыяктуу шаарлардан чыгып кеткен. Андан көп өтпөй орус армиясы Украинанын чыгышына жана түштүгүнө багытталган аткылоолорун күчөткөн.

XS
SM
MD
LG