Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Болот Назаровдун соту уланат


Болот Назаров сот залында.
Болот Назаров сот залында.

Бүгүн 20-майда Бишкектин Свердлов райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровго карата козголгон ишти кароо уланат. Иш боюнча алгачкы угуулар 18-майда жабык режимде өткөн.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров менен иштешкен Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Назаровго жана Темировго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго жалпы төрт иш ачылып, баары бириктирилип каралууда. Анын иши боюнча сот отуруму 25-майга пландалган. Журналист бул иштерди куунутук деп мүнөздөп келет.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тозуу болуп жатканын четке каккан. Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG