Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Чечмедеги кырсык: "Айдоочу кыйкырган бойдон келиптир"


Кадамжайдагы кырсык. 21-май, 2022-жыл.
Кадамжайдагы кырсык. 21-май, 2022-жыл.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылындагы жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Өзбекстан менен чек арадагы “Чечме” өткөрмө бекетинде имаратты жана токтоп турган машинелерди сүзүп кеткен оор жүк ташуучу автоунаа Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык болгон.

ИИМ кылмыш ишин козгоду

“Кылмыш жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (“Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголуп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда. Ал эми жараат алгандарга соттук-медициналык, жабыркаган унааларга соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, келтирилген материалдык зыяндардын өлчөмү аныкталып, такталууда”, -деп билдирди Баткен милициясы.

Облустук милициясынын тергөө кызматынын начальниги Нургазы Эркебаев ыкчам тергөө тобу түзүлүп, кырсык иликтенип жатканын ырастады.

“Кырсык боюнча ыкчам тергөө тобу түзүлүп, ал жерге барган. Учурда кырсыктын келип чыгыш себебин аныктоо боюнча териштирүү иши жүрүп жатат”.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кырсык болгон Чечме айылына 21-майдын кечинде барганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.

“Көргөн күбөлөрдүн айтымында, автоунаадагы айдоочу кыйкырган бойдон келиптир, колдорун шилтеп, элге качкыла деп кыйкырыптыр. Тормозду басып, рулду ары-бери булкуса дагы ошол боюнча күү менен келип 16 машинаны талкалап кетип жатат. Сегиз адам көз жумду”, - деди Ажикеев.

Министрлик кырсык боюнча 23-майда кеңири маалымат жыйын өткөрөрүн билдирген. Бирок азырынча бул боюнча так маалымат жок.

Чечме айылынын тургуну Ислам оор жүк ташуучу автоунааны башкарып келе жаткандар биринчи жолу өтүп жаткандыктан жол ылдыйыш экенин билбей, катуу айдап алышы мүмкүн дейт.

“Өткөрүү пункту ылдый жайгашкан. Негизи автоунаа катуу келген. Биринчи жолу келишкен окшойт. Түз эле келе берген дагы тормозу иштебей калып, сүзүп өтүп кеткен. Өтө катуу кырсык болуптур. Биздин айылдан бир киши каза болуп, жерге бердик”.

Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кырсыктан өткөрүү пунктунун тосмолору жабыркаганын, чек арачылардан жараат алгандар жок экенин билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков жараат алган беш бейтап учурда Айдаркендеги ооруканада жатканын айтты.

"Ооруканада жаткандар өтө оор жараат алган эмес. Баш мээси чайкалып, бир жери сыйрылып, көгөргөн, катуу тийген учурлар. Абалдары орточо оор, тийиштүү дарыларды алып жатат. Дарыланып жаткандардын экөө бала, алардын дагы мээси чайкалган".

Кырсык болгон Чечме өткөрүү бекети Баткен облусунун Кадамжай районунда, Өзбекстандын Сох анклавынын чегинде жайгашкан.

Чек ара бекетиндеги үрөй учурган кырсык

21-майда Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен бекетте сегиз кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына кабылган автоунаа ("Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа) Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу экени белгилүү болду.

“Бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан. Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында сегиз үйдү сел каптап, анын кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен сегиз адам, анын ичинен министрликтин эки кызматкери каза болуп, жети адам жаракат алган”, - деп айтылат аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.


Социалдык тармактарда кырсык болгон жерден видео, сүрөттөр тарады. Анда бир нече машина жараксыз абалга келгенин көрүүгө болот.

Кырсык болгон жерде ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнөн 18 куткаруучусу иш алып барды. Ошондой эле Баткен облустук жана Кадамжай райондук милициясынын ыкчам тобу ири кырсык катталган жерге барып, каза болгон адамдардын тек-жайын тактоого киришкен. Бирок алар тууралуу дагы так маалыматтар бериле элек.

Жол кырсыгы: үч айда 110 адамдын өмүрү кыйылды

Жол кырсыктары Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Мындан эки күн мурун, 19-майда эле Кочкордо үрөй учурган жол кырсыгы катталып, төрт адам набыт болгон. Анда “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машина менен Audi 100 үлгүсүндөгү жеңил машина сүзүшүп, 72, 23,13 жана беш жаштагы жүргүнчүлөр мерт болуп, экөө жараат алган .

ИИМ тараткан маалыматка таянсак, быйыл алгачкы үч ай ичинде Кыргызстанда 1366 жол кырсыгы катталган, андан 110 адамдын өмүрү кыйылып, 2079 адам жараат алды.

Кыргызстанда 2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктардын 95% айдоочулардын эреже сактабаганынан улам келип чыкканын билдирет.

Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарынан 1 млн. 350 миң кишинин өмүрү кыйылат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG