Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Арменияда митингчилер президенттик сарайдын кире беришин тосуп алышты


Еревандагы Пезиденттик сарайды бөгөттөгөн митингчилер. 25-май, 2022-жыл.
Еревандагы Пезиденттик сарайды бөгөттөгөн митингчилер. 25-май, 2022-жыл.

Армениянын борбору – Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып митингге чыккандар 25-майда президенттик сарайдын кире беришин бөгөттөдү. Алар ал жерге Франция аянтынан жөө жүрүш менен келишти. Чогулгандар анда полиция менен бир сыйра кагылышты.

Армениянын президенти Ваагн Хачатрян 21-майдан бери Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда жүрөт.

Армениядагы нааразылыктар апрелдин аягында башталды. Майдын башынан тартып акциялар күчөп, “баш ийбөө” формасына өткөн. Алар көчөлөрдөгү кесилиштерде отургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып, баррикада жасап, жолдорду бууганга аракет кылышкан. Андан бери Тышкы иштер министрлигинин жана парламенттин имаратына да кирүүгө бир нече жолу аракет кылышты. Чогулгандар 24-майда аталган министрликтин жана башка өкмөттүк имараттардын кирип-чыгуучу эшиктерин бөгөттөгөн.

Нааразылык акциясы премьер-министр Никол Пашиняндын “эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын жумшартууну күтүп жатат” деген сөзүнөн кийин тутанды. Оппозиция муну менен армян өкмөтү Тоолуу Карабак боюнча Азербайжандын шарттарына көндү деп жатат. Чогулгандар Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылууда.

Эки өлкө ортосундагы Тоолуу Карабак аймагында мартта кайрадан тиреш катталган. Апрелде эки тарап Тоолуу Карабактагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгууну жана чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү макулдашкан.

22-майда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишель Брюсселде үч тараптуу сүйлөшүү өткөргөн. Чек араны тактоо боюнча бир катар келишимдерге жетишилгени кабарланды.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG