Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Балдарды интернетте коргоого байланыштуу талкуу өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 31-майда Бишкекте "Балдарды интернетте коргоо жана колдоо" деген аталыштагы масштабдуу онлайн-форум өтөт.

Аны Кыргыз Интернет Коому менен "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду биргеликте уюштурууда.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштуруп жаткан форумда адистер интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн экени тууралуу баяндамаларды жасайт. Анда жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын балансын кантип сактаса болот деген сыяктуу маалыматтарды айтып беришет.

Форум Zoom платформасында өтүп, Ютуб жана Фейсбук аркылуу түз берилет. Ага Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан жарандар, анын ичинде ата-энелер, балдар, мигранттар, педагог же мугалимдер жана жаштар катышып, суроо узатса болот.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернет мейкиндигине кошулат. Ал эми M-report жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60% интернетте өзүн коопсуз сезишет.

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Буга байланыштуу бир катар иш-чаралар, көргөзмө, оюн-зооктор уюштурулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG