Бүгүн 1-июнда Кыргызстанда адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө Кыргызстан” эл аралык фестивалына катышууну каалагандардан арыз кабыл алуу башталат. Фестивалды быйыл 16-жыл уюштуруп жаткан “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын маалыматына караганда, бул жолу ал "Климат жана каатчылыктар: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал. Туруктуу өнүгүү максаттары үчүн альтернативалар” темасына арналат.
Уюм тараткан маалыматта “Дүйнө өзгөрдү, климаттык өзгөрүүлөргө байланышкан кыйынчылыктар жана тобокелдиктер, Борбор Азия калкына таасир эткен саясий каатчылыктар жана анын кесепеттери диллема бойдон калууда жана позитивдүү, баарынан мурда локалдык деңгээлде өзгөрүүлөр үчүн жаңы өбөлгөлөр, терең анализ, ой жүгүртүү талап кылынат” деп айтылды.
Каалоочулардан тапшырыктар 15-июлга чейин кабыл алынат. Документалдуу тасманын узактыгы 60 мүнөттөн ашпоосу зарыл. (RK)