Латвиянын Электрондук маалымат каражаттары боюнча улуттук кеңеши Орусиянын 80 телеканалын өлкө аймагында көрсөтүлүшүнө 6-июнда тыюу салды. Буга чейин Латвияда Орусиянын федералдык каналдарын көрсөтүлбөй калган.
Улуттук кеңештин башчысы Ивар Аболиньш LETA агенттигине билдиргендей, жаңы мыйзамга ылайык, башка мамлекеттин көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жараткан өлкөдө каттоодо турган каналдар Латвияда көрсөтүлбөйт.
Чечим 9-июнда күчүнө кирет жана Орусия согушту токтотуп, Крымды Украинага кайтып бермейинче уланат.
Ошол эле күнү Электрондук маалымат каражаттары боюнча улуттук кеңеши «Дождь» каналына лицензия берүүнү чечти. Каналдын редакциясы он жылдан ашуун Москвада иштеп келген. Бирок марттын башында фейктер тууралуу мыйзамдан улам көрсөтүүлөрүн токтотууга мажбур болгон.
Канал 9-июндан баштап обого Латвиядан чыга баштаары белгилүү болду. "Дождь" каналынын жетекчилиги азырынча расмий билдирүү тарата элек.