Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:23

Мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 9-июнда Кыргызстандын мектептеринде кезектеги окуу жылынын аякташына байланыштуу “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтөт. Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынарын өткөн айда эскерткен.

Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы окуу процесси кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү жалпы билим берүү мекемелеринде 9-класстар үчүн 11-22-июнда, 11-класстар үчүн 11-23-июнда уюштурулат. Алар математика, эне тили, кыргыз тили, Кыргызстандын тарыхы сабактарынан экзамен тапшырышат.

Жылда тогузунчу жана он биринчи класстарды Кыргызстан боюнча 150 миңдей улан-кыз аяктайт.

Кыргызстанда 2021-жылы жаңы окуу жылын адаттагыдай 1-сентябрда эмес, эки жума кечирээк, 15-сентябрда башталган. Мындай чечимин өкмөт кадимки окуу тартибине коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалдан кийин бара-бара өтүп, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында барып жатканы менен түшүндүргөн жана мунун мугалимдердин айлыгына, окуу процессине терс таасири болбой турганын билдирген.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылын кайрадан мурдагыдай 1-сентябрда баштап, 25-майда жыйынтыктоо боюнча ата-энелерден жана окуу жайларынан түшүп жаткан сунуш-кайрылууларды изилдеп жатканын 6-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин отурумунда министрдин орун басары Расул Авазбек уулу билдирген.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG