Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

УКМК абагында каза болгон Асанбаевдин сөөгү жерге берилди


Бакыт Асанбаевдин тажыясы, 19-июнь, 2022-жыл.
Бакыт Асанбаевдин тажыясы, 19-июнь, 2022-жыл.

Бүгүн, 19-июнда "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин тажыясы өтүп, сөөгү жерге берилди. Айрым укук коргоочулар, маркумдун жакындары "Асанбаевдин абактан чыгарына эки күн калганда ажал табышы суроо жаратып жатканын" айтууда. 18-июнда түнкү саат бирге жакын Бакыт Асанбаевдин сөөгү УКМКнын убактылуу тергөө абагында асынып турган жеринен табылган.

Атайын кызматтын маалымдашынча, банкир Асанбаев коррупцияга шек саналып 30-апрелде камакка алынган.

Асанбаевдин жактоочусу Нур Кылчыкбаева "коррупция" беренесин "шаалаакылыкка" алмаштыруу боюнча арыз берилгенин, аны тергөөчү кабыл алганын "Азаттыкка" билдирди. Ал атайын кызматтын тергөө абагында Асанбаев менен чогуу бир камерада отургандардын сурагына катышканын дагы кошумчалады.

Адвокат буга чейин Асанбаевге байланыштуу иш сотко өтө электигин, ошол себептен эч кандай комментарий бере албай турганын айткан.

Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы иликтей баштаганы маалым болду.

Буга чейин Атайын кызматтын тергөө абагында отурган Марат Казакпаев 9-июнда “Тез жардам” менен Бишкектеги №1 шаардык клиникалык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда жеткирилип, 10-июнда өзүнө келбей көз жумган.

Президенттик администрация эки окуяны ар тараптуу изилдөө үчүн комиссия түзгөнүн билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG