Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Тбилиси: Европа Биримдигине кирүүнү жактаган миңдеген адам акцияга чыкты


Акцияны "Сирцхвилия" өкмөттүк эмес уюму уюштурду.
Акцияны "Сирцхвилия" өкмөттүк эмес уюму уюштурду.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында 20-июнда Европа Биримдигине (ЕБ) кирүүнү колдогон он миңдеген адам акцияга чыкты. Парламенттин имаратынын алдындагы тынч жыйынды оппозициядагы партияларга жакын деп эсептелген "Сирцхвилия" өкмөттүк эмес уюму уюштурду. Анда Грузиянын евроинтеграциясынан башка ураандар жаңырып, сөздөр сүйлөнүшүнө тыюу салынды.

Мунун алдында, 17-июнда Европа комиссиясы Украинага Еврошаркеттин мүчөлүгүнө талапкер макамын берүү сунушун Европа Кеңешине жөнөткөн. Анда Еврокомиссия соттордун эркиндиги өңдүү бир катар талаптарды аткарганга чейин Грузияга макам берүүнү жактаган эмес. Буга чейин комиссия Украинадан сырткары Грузия менен Молдованы да сунуштайт деп кабарланып жаткан.

Ушул жылдын башында, 28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдикке кошулуу жөнүндө арыз жазган. 3-мартта ушундай арыз менен Грузия жана Молдова кайрылган.

 

XS
SM
MD
LG