Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Өкмөт Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолуна инвестор издеп жатат


Жаңы темир жолунун курулушун баштоо салтанатына президент Садыр Жапаров катышкан.
Жаңы темир жолунун курулушун баштоо салтанатына президент Садыр Жапаров катышкан.

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров 29-июнда парламентте маалымат берип жатып Балыкчы-Кочкор темир жолунун беш чакырымы курулганын, аны толук куруп бүтүрүү үчүн учурда инвестор изделип жатканын айтты.

Март айынын аягында Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушу расмий башталган. Анда “Балыкчы” станциясындагы салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, "жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин" белгилеген.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан "Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктары, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.

Биринчи этабында 63 чакырымдык Балыкчы–Кочкор тилкесин куруу пландалып жатканы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG