Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды


Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Анара Сыдыгалиева жана Данияр Жанжигитов "Саманчынын жолу" спектаклинде. 
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери Анара Сыдыгалиева жана Данияр Жанжигитов "Саманчынын жолу" спектаклинде. 

Президент Садыр Жапаровдун 1-июлдагы жарлыгы менен Адабият жана искусство тармагындагы жетишкендиктери үчүн бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды.

Алар:

  • Таалайбек Усубалиев - COVID-19 менен күрөшкөн медицина кызматкерлери жана ыктыярчылардын иши, коронавирустун курмандыктары тууралуу тарткан сүрөттөрү үчүн;
  • Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Анара Сыдыгалиева, "Саманчынын жолу" спектаклинде Толгонайдын образын мыкты аткарганы үчүн;
  • Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Данияр Жанжигитов, "Саманчынын жолу" спектаклинде Майсалбектин ролун мыкты аткарганы үчүн;
  • Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сүрөтчү-сценографы Алымгазы Конушбаев, "Саманчынын жолу" спектаклин мыкты алып чыкканы үчүн сыйланышты.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык адабият жана искусство жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн кыргыз жарандарына берилет.

1965-жылдын 16-июнунда Кыргыз ССР Министрлер советинин токтому менен кыргыз адабиятын жана искусствосун өнүктүрүү, адабият, музыка, искусство, театр жана кино жаатындагы көркөм чыгармалардын авторлорун сыйлоо максатында, акын Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата негизделген.

Сыйлык алгачкы жолу Токтоболот Абдумомунов, Гапар Айтиев, Муратбек Рыскулов, Виктор Виноградов, Аалы Токомбаевге ыйгарылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1995-жылы 13-ноябрында өкмөттүн токтому менен аталган сыйлык кайрадан түзүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG