Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Швейцарияда кыргыз жарандарынын эл аралык форуму башталат


Кыргызстандыктардын эл аралык "Чөйрө-2022" форумунун логотиби.
Кыргызстандыктардын эл аралык "Чөйрө-2022" форумунун логотиби.

12-июлда Швейцариянын Люцерн шаарында кыргызстандыктардын "Чөйрө-2022" деп аталган эки күндүк форуму ишин баштайт.

Иш-чара "Санариптик кылымдын чакырыктары - Кыргызстандын өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк" деп аталат. Ага дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда иштеп жаткан кыргызстандык ишкерлер, адистер катышат.

Форумда IT тармагынын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошо турган салымы, маалыматтык технологиянын жана санариптик трансформациянын аялдар менен элеттик жаштарга мааниси, өлкөнү коррупциядан арылтууда журналисттердин эмгеги жана башка маселелер көтөрүлөт. Мындан тышкары Кыргызстандын айыл чарбасы, таштандыны кайра иштетүү жана эмгек миграциясынын көйгөйлөрү тууралуу сөз болот.

Иш-чараны чет жактардагы активист кыргызстандыктар Эл аралык миграция уюмунун колдоосу менен уюштурууда.

"Чөйрө-2022" форуму 12-14-июль күндөрү болот.

Чет жактагы кыргызстандыктардын “Kyrgyz Club” бирикмесинин кыргыз диаспораларынын башын бириктирген жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнү талкуулаган платформа - эл аралык форуму алгачкы жолу 2012-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG