Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

ИИМ Чыңгыз Жумагуловду кармоого маалымкат бербегенин билдирди


Чыңгыз Жумагуловду кармоо учуру. Сүрөт 2019-жылы жарыяланган.
Чыңгыз Жумагуловду кармоо учуру. Сүрөт 2019-жылы жарыяланган.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Интернетте "ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча багыттык маалымкаты" деп тараган документти төгүнгө чыгарды. Басма сөз катчы Тилек Оторовдун айтымында, сүрөттөгү документтин юридикалык күчү жок.

"Өзүңүздөр көрүп тургандай, бул кагазда каттоо номери жана министрдин орун басарынын колу коюлган эмес. Ошондуктан, документ юридикалык күчкө ээ эмес".

8-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок “Дөө Чыңгыз” качып кетүүгө үлгүргөнүн журналисттер жазып чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, Чыңгыз Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирген.

"Чыңгыз Жумагулов качып кетти" делген күнү интернетте ички иштер министринин орун басары "Нурбек Абдиевдин атынан жазылган багыттык маалымкат" деген сүрөт тараган.

Анда 8-июлда кечки саат алты чамасында УКМКнын кызматкерлери “Дөө Чыңгыз” деген каймана аттуу 41 жаштагы Чыңгыз Жумагуловду кармоого аракет кылганда алар каршылык көрсөтүп, белгисиз жакка качып кеткени жазылган жана аларды кармоого багыт берилген.

Жумагуловдун сүрөтү бар кагазда “Кармоо учурунда мүмкүн болушунча сак жана этият болуу керектиги, шектүүлөр курал менен каршылык көрсөтүшү ыктымал” экени эскертилген.

2016-жылы Жумагулов адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген айыптар боюнча күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошотулган.

2020-жылдын 11-апрелинде Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

2020-жылдын 19-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны бул окуяга байланыштуу "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча актап, "Ээнбаштык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп тапкан жана беш жылга абакка кескен.

2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген. Анын тергөө абагында отурган бир күнү эки күн деп эсептелгени айтылган.

Багыттык маалымкат деп тарап жаткан сүрөттө көрсөтүлгөн Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу” деп аталат.(AiB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG