Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

13 жаштагы кызга байланыштуу соттук териштирүүлөр уланды


Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясынан кийинки Ички иштер министрлигинин алдындагы акция. 2021-жылдын 8-апрели. Бишкек, Кыргызстан.
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясынан кийинки Ички иштер министрлигинин алдындагы акция. 2021-жылдын 8-апрели. Бишкек, Кыргызстан.

Милиция кызматкерлери баш болгон бир катар адамдар тарабынан узак убакыт бою зордукталып келгени айтылган 13 жаштагы кызга байланыштуу териштирүү Бишкектин Свердлов райондук сотунда уланды. Бирок, көрсөтмө берүүгө күбө катары чакырылган эксперттер келбегендиктен сот 28-июлга жылды.

Ушул эле окуяга байланыштуу дагы бир отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-июлда уланып, 13 жаштагы кыз психологдун катышуусунда көрсөтмө берди. Сот мындан аркы соттук жараяндарга кызды катыштырбай турган чечим кабыл алды. Эми мындан аркы отурумдарга кыздын ордуна анын мыйзамдуу өкүлдөрү катышмакчы.

Акыркы соттук териштирүү Свердлов райондук сотунда 20-июлда өткөн. Ага чейин жабыркаган тараптын адвокаттары иш менен таанышууга убакыт сурашкан. Коомдо ири резонанс жаратып, аялдардын жана балдардын бузулуп жаткан укуктары тууралуу талкууну күчөткөн ал күнкү соттук териштирүүгө эки институттун - Омбудсмендин жана Балдар омбудсменинин өкулдөрү киргизилген эмес. Судья алардын киргизилбегенин жана соттун жабык өтүшүн мыйзамдардагы нормалар менен негиздеген.

Бул окуяга байланыштуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын эки орун басарына сөгүш берилгенин ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлда маалымат жыйынында билдирген.

5-июлда "Кылым шамы" бейөкмөт уюму Ички иштер министрлигинин алдына 13 жаштагы кыздын укугуна байланыштуу пикет уюштуруп, ага катышкан активисттер жана укук коргоочулар Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Алар Ниязбеков ишке келгенден бери адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндер менен балдардын укуктары тебеленген учурлар арбыганын белгилеген.

Министр маалымат жыйынында былтыркыга караганда үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны азайганын билдирген.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери жашы жетелек кызды зордуктоого шек саналып жатканы тууралуу макала жазган. Кылмыш иштин алкагында милициянын эки кызматкери жана эки жаран айыпталууда.

Бул окуяга президент жана Министрлер кабинетинин төрагасы да пикирин билдирип, айыпташкан. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда зордук-зомбулук күчөп жатканын белгилешкен. (КО)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG