Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Еврошаркеттин соту орусиялык RT France телеканалына салынган тыюуну колдоду


Евробиримдиктин соту орусиялык RT France телеканалынын доо арызын четке какты. Мартта каналга “дезинформация тараткандыгы” үчүн тыюу салынган.

Шаркет Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушуна байланыштуу бурмаланган маалымат берүүдө деген негизде 1-марттан тарта орус мамлекеттик каражаттарын өз аймагында чектеген.

RT каналынын башкы редактору Маргарита Симоньян ошондо биримдикти сөз эркиндигин бузууда, согуш жөн гана “ыңгайлуу шылтоо” деп айыптаган.

27-июлдагы чечиминде Люксембургдагы сот биримдиктин чаралары туура кабыл алынган, RT France каналынын эркиндигин чектебейт деп белгиледи.

Кремль каржылаган Russia Today 2005-жылы ачылып, бара-бара ишмердигин кеңейтип, англисче, французча, испанча жана арабча берүүлөрдү чыгара баштаган. Литва жана Латвия өңдүү өлкөлөрдө каналдын ишине тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG