Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Өзбекстан шахмат Олимпиадасында биринчи жолу жеңишке жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын шахмат боюнча эркектер командасы Индиянын Ченнай шаарында 44-шахмат Олимпиадасынын 11-турунда Нидерланддын курамасын жеңип, чемпион болду.

20 жаштагы Нодирбек Якуббоев, 16 жаштагы гроссмейстер (ред: гроссмейстер – шахмат боюнча эң жогорку наам) Жавохир Синдаров жана 17 жаштагы гроссмейстер Нодирбек Абдусатторов атаандаштары менен тең ойношту. Чечүүчү беттеште 27 жаштагы Жахонгир Вахидов 20 жаштагы Макс Уормердамды утуп, Олимпиадада Өзбекстанга жеңиш алып келди.

9-августта өткөн беттеш 2,5:1,5 эсеби менен жыйынтыкталды.

Акыркы жолу Өзбекстан 1992-жылы Олимпиада медалын алган. Анда улуттук курама Филиппиндин Манила шаарында өткөн турнирдин күмүш байгесине ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG