Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Июнь окуясы: президенттин көрсөтмөсүн иштин материалдарынан алуу сунушталды


Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов сот залында. 15-август, 2022-жыл.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов сот залында. 15-август, 2022-жыл.

Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири Исмаил Исаковдун адвокаты Алтынбек Токтосунов тергөө мыйзам бузуулар менен жүргөнүн айтып, айрым далил материалдарды иштен алууну соттон өтүндү.

"Башкы прокуратура ишти эки ай тергеген соң, 1-февралда "кылмыш иште айыпталуучу адам жок" деген негиз менен өндүрүштөн токтоткон. Бирок кайра жандандырбай туруп эле, учурдагы президент Садыр Жапаровду, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди, депутат Сүйүн Өмүрзаковду, Жалал-Абаддын экс-мэри Максат Жээнбековду, мурдагы депутат Акматбек Келдибековду тергөөгө чакырышкан, сурак, беттешүүлөрдү жүргүзө берген. Булардын баары 18-майга чейин, иш кайра жандандырылганга чейин жүргүзүлгөн”, - деди.

Судья Чыңгыз Бердимуратов өтүнүчтү четке какты. Айыпталуучу тарап соттун бул чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазарын билдиришти.

Июнь окуясы боюнча иш 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жабык каралды. 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болгон. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлду.

2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча кылмыш иште айып тагылгандардын бири, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков тергөө үстүртөн жүрүп, бир нече жагдайлар эске алынбай калганын билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратура тергөө ар тараптуу жүргөнүн кабарлаган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын маалымдаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин айткан.

Кылмыш иши былтыр козголгону менен тергөө иштери быйыл активдешип, 20дай саясатчы суралган. Алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суралганы расмий жарыяланган. (TSh\ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG