Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Евробиримдик Бирманын экс-лидерине чыккан жаңы сот өкүмүн айыптады


Мьянманын мурдагы жарандык лидери, Нобел сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи.
Мьянманын мурдагы жарандык лидери, Нобел сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Бирманын (Мьянма) бийликтен кулатылган лидери Аун Сан Су Чжиге чыккан жаңы соттук өкүмдү айыптады. Бийликти басып алган аскердик хунтанын соту аны саламаттык сактоо тармагындагы коррупцияга айыптап, кошумча алты жылга кести.

Боррел Нобел сыйлыгынын лауреатына жана 77 жаштагы саясатчыга чыккан мындай өкүмдү “адилетсиздик” деп атап, “элдин эркин” сыйлоого чакырды.

Борбордогу Рангун абагында жалгыз камерада отурган Су Чжи буга чейин башка кылмыш иштерине байланыштуу 11 жылга кесилген. Су Чжинин адвокаттары бардык айыптоолорду четке кагып жатышат. Ал өзүнө тагылган айыптарды моюнуна алган жок. Анын тарапкерлери муну саясий куугунтук деп эсептешет.

Аун Сан Су Чжи 2016-жылдагы шайлоодон кийин Бирманын лидерине айланган. Былтыр 1-февралда аскерлер жарандык өкмөттү кулаткан. Хунта жетекчилиги саясатчынын "Демократия үчүн улуттук лига" партиясы 2020-жылдын ноябрь айындагы шайлоодо жапырт фальсификация аркылуу жеңишке жеткен деген пикирде. Натыйжада былтыр июль айында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бийликке хунта келгени Мьянмада ири демонстрациялар күч алган. Аларды күч менен таркатууда миңден ашык киши көз жумган. Он миңдеген адам кармалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG