Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Ысык-Көлдө жер силкинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун билдиришинче, 16-август күнү саат 16:16да Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер силкинүү Корумду, Темировка, Григорьевка, Кожояр, Булан-Сөгөттү, Семеневка айылдарында 3,5, балл, Бостери, Көк-Дөбө, Ананьево айылдарында 3 балл, Чолпон-Ата шаарында жана Кара-Ой, Жаркынбаев айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Баштапкы маалыматарга караганда, андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Өткөн айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Оштун Чоң-Алай районунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG