Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Кикбоксчу Азиз Бийхуров Ислам шериктештиги оюндарында коло байге алды


V Ислам шериктештиги оюндарынын коло байгесинин ээси, кикбоксчу Азиз Бийхуров. 18-август, 2022-ж. Конья, Түркия. 
V Ислам шериктештиги оюндарынын коло байгесинин ээси, кикбоксчу Азиз Бийхуров. 18-август, 2022-ж. Конья, Түркия. 

Кыргызстандык спортчу Азиз Бийхуров 18-августта Түркиянын Конья шаарында жыйынтыкталган V Ислам шериктештиги оюндарында коло байгенин ээси болду. Кыргызстандын улуттук Олимпиада комитенинин менежери Марат Аскарбековдун маалыматына караганда, Бийхуров кикбокстун “лоу-кик” түрүнөн 57 килограмм салмакта күч сынашып, 3-орунду ээлеген.

V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта башталып, 18-августта аяктап, расмий жабылыш аземи болду. Оюндарга 56 мамлекеттен төрт миңден ашуун спортчу катышып, спорттун 27 түрүнөн таймашты. Кыргызстандан 100дөн ашуун спортчу, спорт 16 түрүнөн күч сынашты.

Соңку жыйынтыктар боюнча V Ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын спортчуларында сегиз алтын, сегиз күмүш жана 10 коло байге чогулду. Салттуу жаа атуудан алтын медал алган Ынтымак Мурадил уулунун байгеси мелдештин расмий сайтындагы жалпы медал эсебине кошулган жок. Спорттун бул түрү Олимпиадалык системага кошулбагандыктан уюштуруучулар тарабынан ушундай чечим кабыл алынганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматкери Айгерим Турдалиева 18-августта маалымдады. Эгер Мурадил уулунун байгеси кошулса, Кыргыжстандын эсебинде тогуз алтын, сегиз күмүш жана 10 коло байге болмок.

Медалдардын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан сегиз алтын, сегиз күмүш жана 10 коло байге менен 9-орунду ээледи. Сап башында Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.

Түркиялыктар 145 алтын, 107 күмүш, 89 коло байге алышкан. 2-катардагы Өзбекстанда 51 алтын, 42 күмүш жана 65 коло бар. Ирандын спортчулары 39 алтын, 44 күмүш, 50 коло байге менен 3-орунду алды.(ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG