Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

“Газпром”: жабдыктар оңдолмоюнча “Түндүк агым” аркылуу газ берилбейт


“Газпром” компаниясынын эн белгиси.
“Газпром” компаниясынын эн белгиси.

Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы Германия жабдыктарды оңдомоюнча “Түндүк агым” кууру аркылуу газ берүү калыбына келтирилбей турганын билдирди. Бул тууралуу ишкананын директорунун орун басары Виталий Маркелов 6-сентябрда Владивосток шаарында айтканын “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Германиянын Siemens Energy компаниясы “Газпром” сөз кылып жаткан оңдоо иштери боюнча тапшырмаларды ала электигин, адатта мындай жумуштар тез эле бүтүп, газды жетикирүү кечиктирилбей эле келгенин кабарлады.

3-сентябрда “Газпром” ишканасы “Түндүк агым” кууру аркылуу газ берүүнү толугу менен белгисиз мөөнөткө токтоткон. Компания Европага көгүлтүр отунду жеткирген куурдун турбинасын тейлөөдөгү мүчүлүштүктөр аныкталганы менен түшүндүргөн.

Газ сордурган компрессордук “Портовая” станциясында Siemens компаниясы менен бирге жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө майдын герметикалык кошулмасы менен агып жатканы аныкталган.

“Түндүк Агым” – Орусиядан Европага өтүүчү эң чоң газ кууру. Ал 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү.

Июль айында пландык оңдоо иштерине байланыштуу деген жүйө менен “Түндүк агым” кууру 10 күнгө толугу менен өчүрүлгөн. “Газпром” ишканасы андан кийин газ берүүнү 20% чейин азайткан. Буга “Портовая” станциясындагы экинчи Siemens турбинасын оңдоо иштери себеп болгону айтылган.

Евробиримдик “Түндүк Агым” аркылуу газ берүүнүн азайышын согушта Украинаны колдогону үчүн Орусия Евробиримдикке басым кылып жатат деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG