Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

12-сентябрдан тарта ЕБ орусиялыктарга виза берүүнү катаалдаштырат


 Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Еврокомиссия Орусия менен виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимди 12-сентябрда токтотууну колдоду. Еврокомиссиянын ички иштер боюнча жогорку комиссары Илва Йоханссон Евробиримдиктин кеңеши сунушту ушул аптада жактырат деп күтүлүп жатканын айтты.

“Франс Пресс” маалымат агенттиги чечим кабыл алынса виза орусиялыктар үчүн мурдагыдай 35 евро эмес, 85 еврого чейин көтөрүлүп, арызды кароо мөөнөтү 45 күнгө чейин узартыларын жазды. Андан тышкары буга чейинкиге караганда көбүрөөк документ талап кылынып, көп жолку визалардын саны чектелиши мүмкүн.

31-августта Прагадагы жолугушууда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Орусия менен виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимди токтотууну макулдашкан.

Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда виза берүүнү жеңилдетүү тууралуу макулдашуу 2007-жылы кабыл алынган. Ал документтин расмий делегациялар үчүн бөлүгү февралдын аягында токтотулган.

Орусия Украинага чабуул жасагандан кийин Евробиримдиктеги айрым өлкөлөр, анын ичинде Балтика мамлекеттери, Польша жана Чехия орус жарандарына шенген визасын берүүнү биротоло токтотууну же чектөөнү сунуштаган. Бирок ал колдоо тапкан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG