Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

26 жыл мурда Манчестерде болгон жардырууга шектүү кармалды


Бирмингем аэропорту.
Бирмингем аэропорту.

Улуу Британиянын Бирмингем аэропортунда 1996-жылы Манчестер шаарындагы жардырууга шек саналган адам кармалды. Бул тууралуу Sky News телеканалы Британиянын түндүк-батыш бөлүгүндөгү терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгына шилтеме берип билдирди. Шектүү камакка алынган.

Улуу Британиянын Терроризмге каршы башкармалыгы да кол салууга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн бир нече жылдан бери жардыруу боюнча козголгон ишти кайра иликтеп жатканын кабарлады.

1996-жылдын июнь айында Манчестердин борбордук көчөлөрүнүн биринде жүк ташуучу автоунаадан 1,5 миң килограмм салмактагы бомба жардырылган. Бул Улуу Британияда Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң күчтүү жарылуу болгон.

Курмандыктар болгон эмес, бирок 250дөн ашык адам жаракат алган. Шаардын инфраструктурасына келтирилген зыянды камсыздандыруу компаниялар 700 миллион фунт стерлинг деп эсептеген.

Чабуулду "Убактылуу Ирландиянын республикалык армиясы" ишке ашырган. Ал Түндүк Ирландияны Улуу Британиядан толук көз каранды эмес кылууга аракет кылып келет. 2021-жылдын жайында, кол салуудан 25 жыл өткөндөн кийин, ишти кайра тергөөгө мүмкүнчүлүктөр ачылганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG