Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:49

Путин Украинадагы согуш боюнча Кытайдын позициясын кубаттады


Владимир Путин менен Си Цзинпин. Өзбекстан, 15-сентябрь, 2022-жыл.
Владимир Путин менен Си Цзинпин. Өзбекстан, 15-сентябрь, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Украинадагы жаңжалга байланыштуу тең салмактуу позициясын жогору баалады. Бул тууралуу ал 15-сентябрда Өзбекстанда жолугушууда айтканын “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Владимир Путин Кремль “Бир Кытай” саясатын колдой турганын кайталап, Тайван аралында АКШ чагым кылып жатканын айтты.

Си Цзинпин коронавирус пандемиясы башталгандан берки Кытайдан тышкаркы биринчи сапарынын алкагында Владимир Путин менен Өзбекстандын Самарканд шаарында жолугушту. Алар Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн келген.

Расмий Бээжин Украинадагы согушка байланыштуу АКШ менен НАТОну Орусияны чагым кылды деп айыптап, Москвага каршы киргизилген санкцияларды сынга алган.

Август айында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайван аралына жасаган сапарынан кийин Бээжин менен Вашингтондун мамилеси курчуганда Кремль Кытайды колдогон.

XS
SM
MD
LG