Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:42

Ташиев менен Ятимов тынчтыкты сактоо боюнча протоколго кол коюшту


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов (оңдо). Тажикстан. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов (оңдо). Тажикстан. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов бүгүн, 19-сентябрда Тажикстандын аймагында жолугушту. Анда чек арадагы кырдаалды турукташтырууну камсыздоочу иштерди жылдыруу боюнча жумушчу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев 19-сентябрда кечке жуук, Баткенде журналисттерге билдирди.

"Документтин мазмуну - бүгүнкү болуп жаткан иштерди өркүндөтүп, тынчтыкты сактоо жана бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерди улантуу. Чек арада акырындык менен тынчтык орной баштады. Бүгүнкү жолугушуу менен биз тынчтыкка дагы бир кадам таштадык. Бир аз болсо да ишеничтүү боло баштады десек болот".

Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну иликтөө үчүн эки тараптан түзүлгөн биргелешкен комиссия 20-сентябрда ишин улантарын кошумчалады.

Кыргызстан бүгүн, 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күтүүдө. Соңку расмий маалымат боюнча, 14-17-сентябрь күндөрү бери дегенде 59 кыргызстандык мерт болду, алардын кыркы аскер кызматкерлери экени айтылды. 164 адам түрдүү жаракат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоми 19-сентябрда Дүйшөмбүдөгү брифингде 14-17-сентябрь аралыгында чек арада 41 тажик жараны каза болгонун билдирди. Имоми каза тапкандардын канчоосу аскер кызматкери, канчасы жай тургундар экенин тактаган жок.

Тажик бийлиги чек арадагы акыркы кандуу окуяларда каза тапкандардын санын биринчи жолу расмий жарыялады.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG