Өзбекстанда 23-сентябрдан тартып эл аралык банктар чыгарган Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөө токтотулду. Бул тууралуу Uzcard Жалпы республикалык бирдиктүү процессинг борбору кабарлады.
Бул техникалык себептерге байланыштуу экени айтылды. Ошол эле маалда өлкөдө биргелешип чыгарылган Uzcard – "Мир" карталарын тейлөө штаттык режимде улана берет.
"Фергана" басылмасы кабарлагандай, "Мир" карталарын колдонуудагы көйгөйлөр тууралуу кабарлар бир нече күн алдын социалдык түйүндөрдө чыга баштаган. Uzcard 21-сентябрда орусиялык төлөм системасынын карталарын кабыл алууну уланта берерине ишендирген эле.
21-сентябрда Казакстандын Улуттук банкы да Орусиянын төлөм системасынын "Мир" карталарын тейлөө өлкөдөгү банкоматтарда убактылуу токтотуларын кабарлаган. 19-сентябрда Түркиянын ири финансылык мекемелери – Isbank жана Denizbank банктарында да орусиялык аталган карта иштебей калган.
Орусия Украинанын аймагында согуш баштаган соң көпчүлүк батыш өлкөлөрү ага катаал санкцияларды салган. Анын ичинде орусиялык банктар да чектөөгө кабылган. Натыйжада орус жарандары Орусиянын банктык карталары менен чет жакта төлөм жүргүзө албай калышкан жана эл аралык карталарды өлкө ичинде колдоно албай калышкан. Ушундай шартта Орусиянын жарандары санкцияны буйтаган жол таап, КМШ мамлекеттерине, Түркияга жана башка өлкөлөргө барып банктык карта алып жатышат. “Карта туризминин” популярдуу багыты катары Борбор Азия өлкөлөрү – Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан аталып жатат. (ErN)