Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Түркия көчмөндөрдү тосуп алды

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятын чагылдырган  театралдаштырылган  оюн-зоок менен башталды.
1/16 Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятын чагылдырган  театралдаштырылган  оюн-зоок менен башталды.
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Көчмөндөр "Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деп аталган стадиондо өттү. 
2/16 Көчмөндөр "Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деп аталган стадиондо өттү. 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Кыргызстандын курама командасы параддан өтүп баратат. 
3/16 Кыргызстандын курама командасы параддан өтүп баратат. 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Ачылуу аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. Калпак кийген бала Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстандан алып барган көөкөрдү берип жатат. 
4/16 Ачылуу аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. Калпак кийген бала Режеп Тайып Эрдоганга Кыргызстандан алып барган көөкөрдү берип жатат. 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Режеп Тайып Эрдоган көөкөрдөн суу куюп, оюндарды баштап берди. 
5/16 Режеп Тайып Эрдоган көөкөрдөн суу куюп, оюндарды баштап берди. 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Ат үстүндө алоолонуп күйүп бара жаткан жоокер. Дал ушул театралдаштырылган көрүнүш буга чейинки Көчмөндөр оюндарында да көрсөтүлүп, көпчүлүктүн алкоосуна арзыган. 
6/16 Ат үстүндө алоолонуп күйүп бара жаткан жоокер. Дал ушул театралдаштырылган көрүнүш буга чейинки Көчмөндөр оюндарында да көрсөтүлүп, көпчүлүктүн алкоосуна арзыган. 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
7/16

29-сентябрда IIV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча таймаштар башталып Кыргызстандын курама командасы Түркия <a href="https://www.azattyk.org/a/32058001.html" target="_self">курамасы менен беттешти.&nbsp;</a>
8/16 29-сентябрда IIV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча таймаштар башталып Кыргызстандын курама командасы Түркия курамасы менен беттешти. 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Кыргызстандын командасы түркиялык атаандаштарын 9:3 эсебинде утуп алды.<br />
<br />
Мелдешке Кыргызстандын улакчылары оюнга үйрөтүлгөн аргымактарсыз кетип, Түркиядан&nbsp;<a href="https://www.azattyk.org/a/koechmoendoer-oyundary-koekboeruechueloer-argymaktaryn-alyp-bara-albay-kaldy-/32056164.html" target="_blank">ижарага алып</a>&nbsp;ойноп жатышат.
9/16 Кыргызстандын командасы түркиялык атаандаштарын 9:3 эсебинде утуп алды.

Мелдешке Кыргызстандын улакчылары оюнга үйрөтүлгөн аргымактарсыз кетип, Түркиядан ижарага алып ойноп жатышат.
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Кыргызстан менен Түркиянын оюнчуларынан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Венгриянын улакчылары катышат. Кыргызстан ойногон А тобуна Түркия менен Монголия курамалары бөлүнгөн.
10/16 Кыргызстан менен Түркиянын оюнчуларынан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Венгриянын улакчылары катышат. Кыргызстан ойногон А тобуна Түркия менен Монголия курамалары бөлүнгөн.
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат.
11/16 Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат.
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Спортчулар ат оюндарында көкбөрү жана көкпар, күрөш боюнча - ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт.
12/16 Спортчулар ат оюндарында көкбөрү жана көкпар, күрөш боюнча - ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт.
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.<br />
&nbsp;
13/16 Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.
 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Спорттук оюндардан сырктары көчмөн элдерин көргөзмөлөрү уюштурулат.&nbsp;
14/16 Спорттук оюндардан сырктары көчмөн элдерин көргөзмөлөрү уюштурулат. 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Изник шаары. Изник Түркиянын байыркы шаарларынын бири болуп саналат.&nbsp;
15/16 Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Изник шаары. Изник Түркиянын байыркы шаарларынын бири болуп саналат. 
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
2014-2016-2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.
16/16 2014-2016-2018-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөн.
Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары расмий башталды. Оюндардын ачылуу аземи “Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”  деп аталган стадиондо өтүп, ага  Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты. 
Артка
Алдыга

29-сентябрда Түркиянын Изник көлүнүн жээгинде IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий ачылды. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татар катышты.

Түркиянын президенти Эрдоган расмий салтанатта буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда, башкача айтканда ата-бабалардын жеринде өткөнүн баса белгиледи.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын биринчиси ата-бабалардын жеринде - Кыргызстанда өттү. Калган эки оюнду да Кыргызстан өткөрдү. Төртүнчү иш-чара Изник шаарында өтүп жатат. Негизи 2020-жылы өткөрүлө турган бул иш-чара коронавирус пандемиясынан улам ушуга чейин жылды. Быйыл спортчуларды, меймандарды Изникте тосуп атабыз", - деди Эрдоган.

Ачылыш аземин утурлай эки өлкөнүн президенттери жолугушканы кабарланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Ачылыш аземи спортчулардын парады менен башталып, Кыргызстандын курамасынан Бекболот Токтогонов, Нурбек Кожобеков жана Уларбек Күрүчбек уулу өлкөнүн туусун көтөрүп чыгышты. Азем концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Кыргызстандык спортчулар.
Кыргызстандык спортчулар.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат. Ага 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда.

Изникке Кыргызстандан 148 атлет келди. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Ат оюндарынан көкбөрү жана көкпар, күрөштөн - ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, балбан күрөш, шалвар ​күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуудан мелдештер өтөт. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары киргизилген.

Алгачкы күндүн олжосу

Көчмөндөр оюндарынын алгачкы күнү кыргызстандык спортчулар көкпар жана салттуу жаа атуу оюндарында күч сынашты.

Жаачылардын таймашына курамадан 12 спортчу катышып, анын тогузу кийинки турга өттү.

Ал эми көкпардан Кыргызстандын командасы түркиялык атаандаштарын 9:3 эсебинде утуп алды. Белгилей кетчү нерсе, Түркиянын көкпар жана көкбөрү курама командаларынын мүчөлөрү - вандык кыргыздар.

Жалпынын бүйүрүн кызыткан бул эки мелдеште Казакстан, Өзбекстан, Монголия жана Венгриянын улакчылары мөөрөй талашат. Кыргызстан кирген "А" тобунда Түркия менен Монголия курамалары да ат салышат.

Кыргызстан менен Түркиянын көкпар (жер улак) боюнча курама командалары IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында. Изник, 29-октябрь, 2022-ж.

29-сентябрда "B" тобунда Казакстандын командасы өзбекстандык атаандаштарын 8:1 эсебинде жеңди. Көчмөндөр оюндарында көкпар жана көкбөрүдөн өз-өзүнчө таймаштар болот. Командалар эртең эс алып, мелдеш 1-2-октябрь күндөрү уланат.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр таймаштары Изник көлүнүн жээгине атайын курулган 60 гектар аянтта өтүп жатат. Ал жерде спорттук мелдештер, концерттик программалар үчүн атайын сахна жана көргөзмө аянтчалары курулган.

Ошондой эле бул жерде Кыргызстандан жеткирилген ондогон боз үй да тигилген.

Байыркы Изниктин тарыхы

Төртүнчү көчмөндөр оюндарынын Изник шаарында өтүп жатканынын да өзүнчө мааниси бар. Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси, президент Эрдогандын уулу Билал Эрдоган буга чейин Көчмөндөр оюндары Кыргызстандагы Ысык-Көлдө өткөнүн баса белгилеп, быйыл байыркы бабалардан калган оюндар Түркиянын Изник көлүнүн жээгинде өтөрүн айткан.

Дал ушул Изник шаарында 1331-жылы курулган кыргыз жоокерлеринин күмбөзү бар. Президент Жапаров баштаган кыргыз делегациясы 29-сентябрда бул тарыхый жайга токтоп, зыярат кылганга да үлгүрдү.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Куржундар
XS
SM
MD
LG