Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Сот бакшы Александр Габышевди күчтөп дарылоонун мөөнөтүн узартты


Александр Габышев.
Александр Габышев.

Орусияда Уссурийск райондук соту бакшы Александр Габышевди психиатриялык ооруканада күчтөп дарылоонун мөөнөтүн узартты. Бул туралуу юрист Алексей Прянишников кабарлады. Анын билдиришинче, судья Габышевди Москва шаарында психологиялык-психиатриялык экспертизадан кайталап өткөрүү өтүнүчүн канааттандырган жок.

Якутиялык бакшы былтыр жыл башында психдиспансерге күчтөп жаткырылган. Анын алдында Габышев мурда үзгүлтүккө учураган Кремлге болгон жөө жүрүшүн улантарын билдирген.

Габышев 2019-жылдын март айында "Путинди дубанын күчү менен тактан түшүрүш үчүн" Москваны көздөй жөө жүрүш баштаган. Аны бир нече айдан кийин камап, психоневрологиялык диспансерге камап, экстремизмге чакырды деген кине менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн талабы менен жасалган психиатриялык экспертиза анда мандем бар экенин көрсөткөн. Бакшы менен кошо анын тарапташтары да куугунтукка алынган.

Эл аралык Amnesty International уюму шаман Габышевди абийир туткуну катары таанып, анын бошотулушун талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG