Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси алмашты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Улуттук энергохолдинг ишканасынын Башкаруу кеңешинин төрагалыгына Таалайбек Байгазиев кайрадан дайындалды.

Аны эмгек жамаатына 4-октябрда энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев тааныштырды. Министрдин милдетин аткаруучу кышка даярдык, энергетика тармагындагы реформаны аягына чыгаруу жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө сыяктуу милдеттер турганын айтып кетти.

Таалайбек Байгазиев Улуттук энергохолдинг ишканасын мурда да жетектеген. Андан кийин "Электр станциялары" мамлекеттик мекемесин жетектеп турган.

Буга байланыштуу "Электр станциялары" ишканасына Айбек Айдаралиев директор болуп дайындалды.

Улуттук энергохолдинг ишканасынын Башкаруу кеңешине буга чейин Нурлан Садыков төрагалык кылган.

Президент Садыр Жапаровдун 3-октябрдагы жарлыгы менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтан алынган.

Бекмурзаевге мурдараак Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын маалыматында министр тармакта адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын ысырап кылганы, курулуш иштеринде 15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Ал кызматтан убактылуу четтетилип, иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG