Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Султанбаев социалдык объектилердин курулушу боюнча маалымат берди


Гейдар Алиев атындагы жаңы курулган мектеп. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл.
Гейдар Алиев атындагы жаңы курулган мектеп. Бишкек. Октябрь, 2022-жыл.

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин 193 объектинин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары жүргөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбукка жазгандай, буга мамлекеттик бюджеттен 6 млрд. 172,1 млн. сом коротулган.

"Айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм. Мамкурулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объектинин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд. 172,1 млн. сомго бүткөрүлгөн", - деп жазды Султанбаев.

Акыркы эки жылда 99 мектеп, 25 бала бакча, 16 саламаттык сактоо, 6 маданият мекемелери, 5 спорткомплекс, - 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу жана башка 12 обьект курулган. Булардын ичинен эң көбү Ош облусунда -47, Баткенде -46, Жалал-Абадда - 27, Чүйдө -22, Ысык-Көл, Нарын облустарында - 18ден, Таласта - 15 мекеме салынган.

Султанбаев кайрымдуулук фонддорунун, облустук өнүктүрүү фонддорунун жана башка жеке донорлордун колдоосу менен 130 социалдык мекеме курулганын да жазды.

Билим берүү министрлигинин буга чейинки маалыматына ылайык, Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Мындай мектептерде болжол менен бери дегенде 70 миңдей окуучу билим алууда.

XS
SM
MD
LG