Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Элдик курултайга 1072 делегат катышууда


Элдик курултай өтүп жаткан Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алды. 25-ноябрь, 2022-жыл.
Элдик курултай өтүп жаткан Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алды. 25-ноябрь, 2022-жыл.

25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан биринчи Элдик курултайга Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда. Анын 924ү эркектер, 148и аялдар.

Бул тууралуу мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Баткенден 71, Жалал-Абаддан 147, Нарындан 128, Оштон 179, Таластан 76, Чүйдөн 218, Ысык-Көлдөн 127, Бишкек шаарынан 60, Ош шаарынан 30, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 26 жана диний конфессиялардан 10 делегат шайланды. Башта курултайга 1074 делегат катышары айтылган.

Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өкмөттүн мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышууда.

Курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу.

Бирок быйыл май айында парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун четке каккан.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров биринчи Элдик курултайды ноябрда өткөрүү тууралуу жарлык чыгарган.

Баш мыйзамда Элдик курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын деп жазылган. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.

Элдик курултай президенттин жыйынтыктоочу сөзү менен аяктайт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG