Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Киевдин бийлиги жарык жана байланыш дээрлик калыбына келтирилгенин билдирди


Украинадагы энергия кризиси.
Украинадагы энергия кризиси.

Киев шаардык аскерий администрациясы 27-ноябрдан тарта Украинанын баш калаасында суу, жылуулук, жарык жана байланыш "дээрлик толугу менен" кайра калыбына келтирилгенин кабарлады.

23-ноябрдагы Орусиянын массалык аба соккуларынан кийин Киев жарык, суу, жылуулуксуз калган. Жергиликтүү бийлик электр станцияларындагы оңдоп-түзөө иштери аяктап калганын билдирди.

"27-ноябрга караган таңда шаардын көпчүлүк бөлүгүндө жарыкты өчүрүү болгон жок. Электр энергиясы туруктуу берилүүдө. Бирок ашыкча чыңалуудан улам алдыда өчүрүүлөр болушу мүмкүн", - деп кабарлайт шаардык администрация.

26-ноябрдын таңында Киев шаардык администрациясы 130 миңден ашуун түтүндүн жарыгы жок экенин кабарлаган. Кийин шаар башчысы Виталий Кличко тургундардын 25% жарыксыз деп Телеграм каналына жазган.

23-ноябрда Орусиянын армиясы Украинага абадан чабуулдарды кеңири масштабда уланткан. Ракеталар Киев баштаган чоң шаарлардагы маанилүү инфратүзүмдөрдүн имаратына тийген. Украин баш калаасында үч адам өлүп, жетөө жарадар болгон. Бул күнү Орусия жалпы 70 ракета менен кол салып, көпчүлүгүн Украинанын аба күчтөрү атып түшүргөн.

Украинанын бир топ аймактарында жарык өчүп, суу жана жылуулук да токтогон.

XS
SM
MD
LG