Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:19

Тайвандын президенти бийликтеги партия башчылыгынан кетип жатат


Цай Инвэнь. Тайпей, 26-ноябрь, 2022-жыл
Цай Инвэнь. Тайпей, 26-ноябрь, 2022-жыл

Тайвандын президенти Цай Инвэнь башкаруудагы Демократиялык прогрессивдүү партиясынын лидерлигинен кетип жатканын билдирди. Анын партиясы ишемби күнү аяктаган жергиликтүү шайлоодо дээрлик бардык жерде утулуп калган.

Партиянын дагы бир өкүлү, премьер-министр Су Чжень-Чан стабилдүлүккө доо кетирбөө үчүн бийлик алмашмайынча президенттен кызматында кала берүүнү өтүндү.

Цай Инвэндин отставкасы Тайвань менен Кытайдын мамилелери курчуп турган маалга туш келди. Бээжин аралды өз аймагы деп эсептейт. Эксперттер Кытай армиясынын Тайванга согуш ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт. Былтыр сентябрда Кытай лидери Си Цзинпин Тайвань менен биригүү планын «тез арада» ишке ашырууга убада бергени менен күч колдонуу тууралуу сөз кылган эмес.

Шайлоодо чөлкөмдөрдүн көбүндө «Гоминдан» партиясы жеңишке жеткен. Жетекчиси Эрки Чу муну 2024-жылкы президенттик шайлоо алдында жакшы старт деп атады.

«Гоминдан» жана Демократиялык прогрессивдүү партия Кытай менен жакшы мамилелерди колдогону менен, бээжинчил позицияны ээлейт деген айыптоолорду четке кагууда.

Кытай менен Тайвань бири-биринин суверенитетин расмий эч качан тааныган эмес.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган «Гоминдан» партиясы өлкөнүн Тайвань аралына баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG