Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

"Илимдеги кыздар": Насаатчылык программасынын жыйынтыгы чыгарылды


"Илимдеги кыздар" долбоорунун жыйыны.
"Илимдеги кыздар" долбоорунун жыйыны.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте так илимдерге кызыккан кыздарды колдоо боюнча ишке ашырып жаткан долбоорунун насаатчылык программасы жыйынтыкталды. Программанын жыйынтыгы Бишкекте өткөн жыйында чыгарылганын фонддун басма сөз кызматынан 28-ноябрда кабарлашты.

“Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева.
“Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева.

“Илимдеги кыздар” долбоору алкагында уюштурулган менторлук (насаатчылык) программа тууралуу маалымат берип жатып фонддун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева дүйнөдө азыр илимий ачылыштарга жана жаңы технологиялык ойлоп табууларга муктаждык чоң экенин, Кыргызстандын өнүгүү стратегиясына ылайык да өлкөгө STEM адистер керек болуп жатканын, санарип рынок шартына кыздарды да даярдоо маанилүү экенин айтты.

Бизнесте, илим жана технологиялар жаатында ийгиликке жетише алган 217 лидер аял 2021-жылдын март айынан тартып беш ай бою үч этап менен Бишкекте жана Ошто 2772 кыз үчүн насаатчы (ментор) болушту. Алар Бишкек, Ош шаарларынын жана Чүй облусунун орто мектептеринин 7-10-класстарында окуган, STEM адистикке окута турган жогорку окуу жайларына өтүүнү көздөгөн кыздар менен иштешти.

STEM деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG