Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Баткен: Майрамдык иш-чараларга убактылуу чектөө киргизилди


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен шаарында оюн-зоок жана майрам иш-чараларына бир жылга убактылуу чектөө киргизилгенин 28-ноябра “Азаттыкка” мэриядан тастыкташты. Маалыматта айтылгандай, чектөө Баткен шаарында облустук, райондук, шаардык деңгээлдеги мамлекеттик маданий оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө карата киргизилди.

Мындай чечим быйыл сентябрь айындагы кандуу окуяга байланыштуу кабыл алынганын белгилеген мекеме “Кыргызстанга тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан шейит кеткен 63, жарадар болгон 200гө жакын жараныбыздын жана үй-жайсыз калган замандаштарыбыздын абалы, шаар тугундарынын майрамдоого көңүл чаппагандыгы эске алынды. Баткен шаардык мэриясы, киргизилген чектөөлөргө ылайык, шаар тургундарына түшүндүрүү жүргүзүү менен элдик сейилдөөлөрдү уюштуруп берет” деп билдирди.

Чектөө жаңы жылдык быйылкы жана келерки “Балаты” майрамдарына, Ноорузга, 8-Мартка, Акыркы коңгуроого, Балдарды коргоо күнүнө, Улуу Жеңиш майрамына жана Эгемендик күнүнө карата иш-чараларга байланыштуу болот.

Быйыл 14, 16 жана 17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG