Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:23

Министрлик 10 айда “Kумтөрдөн” бюджетке 28 млрд. сом түшкөнүн билдирди


Kумтөр алтын кени.
Kумтөр алтын кени.

“Kумтөр Голд Компани” ишканасынан 2022-жылдын 10 айында (январь-октябрь) бюджетке 28,7 миллиард сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кочкоров билдирди.

“Анын ичинен 25 млрд. 486 млн. сом салыктан түштү. Калганы салыктык эмес социалдык төлөмдөр, Ысык-Көлдү өнүктүрүү жана жаратылышты өнүктүрүү фонддоруна которулган каражат”, - деди ал.

Ноябрь айынын башында “Kумтөр Голд Компани” тогуз айдагы ишинин жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, компания быйыл тогуз айда 12 тонна 110 килограмм алтын өндүрүп, анын 11 тонна 805 килограммын сатып 680 млн. долларга жакын киреше тапкан.

Кенди Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган. Башкы прокуратура аны 13-сентябрда коррупцияга байланыштуу кармаган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана оппозиция кендин ишмердиги ачык жүрүшү керектигин билдирип, бийликтен тез-тез отчёт берип турууну талап кылып келишет. Парламентте Кумтөр кенинин ишмердигин иликтөө үчүн депутаттык комиссия да түзүлгөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG