Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Ханты-Мансыда көп кабаттуу үй жарылып, төрт адам каза тапты


Ханты-Мансы автономдук округундагы Нижневартовск шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Ханты-Мансы автономдук округундагы Нижневартовск шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ханты-Мансы автономдук округундагы Нижневартовск шаарында көп кабаттуу үй жарылып, кеминде төрт адам өлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар тиешелүү мамлекеттик кызматтарга таянуу менен кабарлады.

“Азаттыктын” орус кызматы жазгандай, алгач беш адам өлгөнү айтылып жаткан. Бир адам реанимацияда аман куткарылып калганы белгиленди.

Жарылуудан улам имараттын бир бөлүгү кулап түшкөн. Урандылардын астында дагы кишилер бар экени белгилүү. Он чакты адам жабыр тартканы, бир нечеси оор абалда экени айтылды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, турак-жайда тиричилик техникасы үчүн коюлган газ жарылып кеткен. Ал үйдү оңдоо үчүн колдонулган болушу ыктымалдыгын "Интерфакс" агенттиги жазды.

Ханты-Мансы автономдук округу Орусиянын Батыш Сибир чөлкөмүндө жайгашкан субъекти. Ал мунайды жана газды көп өндүргөн аймак болуп саналат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG