Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:45

Сооронкулова абакта кызматкерлер үчүн да шарт жок экенин айтты


Клара Сооронкулова Бишкек шаардык сотунда. 9-ноябрь, 2022-жыл.
Клара Сооронкулова Бишкек шаардык сотунда. 9-ноябрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулованын бөгөт чарасы 13-декабрда каралат. Буга анын адвокаты иш менен таанышууга убакыт сураганы негиз болду.

Клара Сооронкулова 12-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жеткирилген. Отурум башталардын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кемпир-Абад ишине байланыштуу шектүүлөр камакта жаткан №1 тергөө абагында шарт жок экенин билдирди.

“СИЗОнун курулганына 80 жылдай болуп калыптыр. Имарат эл аралык стандарттарга, мыйзамдагы талаптарга жооп бербейт. Абакта отургандарга эле эмес, ал жерде иштеген кызматкерлер үчүн да шарт жок. Бирок саясий күрөшкө аттанган адам бардыгына көнөт. 26 кишинин арасында жаштар көп. Бийлик өздөрүнө эле оппозиция даярдап атышат”.

Жазаларды аткаруу кызматы Сооронкулованын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-декабрда жарандык активисттер Илгиз Сарылдык уулун (Шаменов), Чыңгыз Капаровду, Али Шабданды, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевди, журналист Айданбек Акматовду, Талас облусунун мурдагы губернатору Айбек Бузурманкуловду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү 20-февралга чейин узартылды.

9-декабрда саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-февралга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматованын мөөнөтү 20-февралга чейин узарган.

23-28-октябрь күндөрү Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG