Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Мангистау: айлыкты көтөрүүнү талап кылган мунайчылар талаада түнөп жатышат


Казакстандын Мангистау облусунда айлык акыны көтөрүүнү талап кылган мунайчылар 12-декабрдан бери талаада түнөп жатышат. Алар Түпкарагаран районундагы Каражанбас кенин иштеткен Phystech II компаниясынын кызматкерлери.

15-декабрда “Азаттыкка” комментарий берген мунайчылар компаниянын директору Ернар Байжалиев менен анын орунбасары Талгат Кадыровду кызматтан алууну да талап кылышты.

Вахта ыкмасында иштеген мунайчылар нааразылык иретинде талаага боз үй тигишкен. Аларга полиция келип, боз үйлөрдү алып кеткенде жумушчулар суукта сыртта калып акцияны уланта башташкан. Акимчиликтин өкүлдөрү муну "мыйзамсыз" деп, аларды тарап кетүүгө үндөгөн.

Кээ бир кызматкерлер суукта ооруп, үйлөрүнө кетишти. Калган жумушчулар акцияны полиция көзөмдөп турганын айтышты.

Ишкананын жетекчилиги айлыкты көтөрүү мүмкүн эместигин билдирди. Phystech II компаниясынын юристи Дарига Кибасованын айтымында, "компания банкрот болуу алдында турат".

Компанияга ээлик кылган Кайрат Боранбаев бир канча жыл мурун өз бизнесин Нидерланддагы MKV International b.v. офшордук фирма аркылуу каттаган. Документтерде компаниянын расмий өкүлү катары Боранбаевдин бир тууганы Мурат Боранбаев көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG