Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Нарматова тергөөгө бара албай калганын адвокаты билдирди


Орозайым Нарматова, 9-декабрь, 2022-жыл
Орозайым Нарматова, 9-декабрь, 2022-жыл

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова ден соолугуна байланыштуу 22-декабрда Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына бара албай калганын анын адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирди.

"Бүгүн саат 14:00 менен 15:00 ортосунда Орозайым Нарматованы ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып чыкканга оперкызматкерлер тергөө абагына келишти. Орозайымдын абалы оорлошуп, өз алдынча баса албагандыгына байланыштуу СИЗОнун кызматкерлери замбилге жаткырып, камерасынан короого алып чыгышты. Аягында алып кетпейбиз деп, тергөө органына бүгүн бара алган жок. Мен дагы ал басып келе албагандыктан жолугуша албай калдым", - деп билдирди Убалиева.

Жактоочунун айтымында, айыпталуучулар экспертизалардын корутундулары менен тааныштыруу үчүн Тергөө башкармалыгына чакырылууда.

Милициядан жана Жаза аткаруу кызматынан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Нарматова ден соолугуна байланыштуу текшерилип, жүрөгү оорулуу экени аныкталган. Жактоочунун айтымында, абалы начар болгондуктан, башка текшерүүлөрдөн өтө алган эмес.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген.

Мунун алдында акыйкатчы Атыр Абдрахматова Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган. Акыйкатчы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсыздануу жаратарын белгилеген.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 25тен ашуун кишинин 15си ачкачылык кармап, айрымдарынын наар албай жатканына бир аптадан ашты. Саясатчы Азимбек Бекназаров менен журналист Айданбек Акматов ден соолугунан улам ачкачылыкты токтотконун 22-декабрда акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG