Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Аба ырайы: түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Баткенде кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган учурда жана башка аймактарда кар жаабайт. Чүй менен Таластын айрым аймактарын эртең менен туман капташы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +5…+10;

Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +6…+11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -3...-8.

​Бишкекте кар жаабайт, түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-5 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG