Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Орусия Украинанын инфратүзүмдөрүн дагы ракета менен аткылады


Орус аскерлери Украинанын инфратүзүмдөрүнө буга чейин дагы бир канча жолу ракеталык чабуул жасаган.
Орус аскерлери Украинанын инфратүзүмдөрүнө буга чейин дагы бир канча жолу ракеталык чабуул жасаган.

Орус армиясы 14-январда Украинаны дагы ракета менен аткылады. Киев облустук аскер администрациянын башчысы Алексей Кулеба жарылуулар таңкы саат 6дан тарта башталганын, маанилүү бир инфраструктуралык объектте өрт чыкканын маалымдады. Ошондой эле 18 турак жай жабыркаганы айтылды. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Днепропетровск районунда жарылуу болгонун, дагы бир ракета Голосеевск районундагы бош турган имаратка тийгенин билдирди.

Президенттин кеңсеси борбор шаардагы жана башка аймактардагы маанилүү инфраструктуралык имараттар бутага алынганын кабарлады. Мындан улам Харьков облусунда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы ыктымалдыгы эскертилди.

Орус аскерлери Украинанын инфратүзүмдөрүнө буга чейин дагы бир канча жолу ракеталык чабуул жасаган. Мындан улам электр энергиясы, жылуулук жана суу берүү үзгүлтүккө учурап, кыйынчылыктар жаралган.

Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду. Ушул тушта Украинанын Донецк облусундагы Соледар шаары үчүн айыгышкан согуш жүрүп жатат. Украин армиясы Соледарды орус күчтөрү көзөмөлгө алганын четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG