Эркин медиага кысым, “Азаттыктын” айланасындагы кырдаал
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Муну менен буга чейин алгач сайтын, андан соң банк эсебин бөгөттөгөн мамлекеттик органдар эми “Азаттыкты” толугу менен жабууга аракет кылууда. Бийлик түзүмдөрүнүн мындай кадамы коомчулуктун, журналисттердин жана эл аралык уюмдардын терең тынчсыздануусун жаратууда. Кыргызстандын тарыхында эркин медиага, анын ичинен “Азаттыкка” кысым көрсөткөн учурлар болуп, ар бийликтин тушунда ар кандай сценарий менен ишке ашкан. “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын, “Азаттыктын” айланасындагы соңку окуяларды жана анын кесепеттерин талдайбыз.
Чыгарылыштар
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды