Кыргызстандын Финансы министрлигинин 14-февраль саат 17:00гө карата маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 17 млн. 807 миң сомдон ашуун жана 13,5 миң рубль түштү.
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча жардам чогулткандар болууда.
Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга акчалай жана гуманитардык жардамдар Кыргызстандын түрдүү аймактарынан чогулуп жатканы кабарланган.
Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барды. 67 куткаруучу кыйроонун эртеси күнү эле жөнөп кеткен.
6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 40 миңге жакын адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө тең 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калгандар көп экени кабарланууда. (КЕ)