Президент Садыр Жапаров Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмонго Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кар көчкүдө адамдар каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.
Маалымат Кыргызстандын президентинин сайтына 17-февралда жарыяланды.
Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарында 15-февралда эртең мененки саат 10дор чамасында кар көчкү жүрүп бир канча үйдү басып калган. Жергиликтүү бийлик кар көчкүдөн курман болгон 27 кишинин тизмесин жарыялаган. Алардын арасында мургабдык кыргыздар да бар экени белгилүү болду.
Курман болгондордун тизмесинде кеминде 11 кишинин аты-жөнү кыргызча экенин көрүүгө болот.
Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, аймакта 15-февралда он жерде көчкү түшкөн жана мындан улам айрым жолдор учурда жабык турат.
Тажик президенти Эмомали Рахмон кырсыктын кесепетин жоюуга байланыштуу тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүүнү тапшырды. (TAb)