Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Башкы прокуратура архитектор Асаналиевдин иши сотко өткөнүн билдирди


Жыргалбек Асаналиев
Жыргалбек Асаналиев

Бишкек шаардык прокуратурасы “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына жана калаанын “Түштүк аймагы” долбоорунун башкы архитектору Жыргалбек Асаналиевге козголгон кылмыш ишин тергеп бүттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Тергөөнүн жыйынтыгында ага айыбы угузулуп, кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сотунун кароосуна жиберилди. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция) жана 379-беренеси (“Документтердин жасалмасын жасоо”) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматта айтылгандай, архитектор "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик ишканасынын айрым кызмат адамдарын туруктуу кылмыштуу байланышка тартуу менен, ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын бузулганын билип туруп мыйзамсыз аракетке барган. Тагыраагы 2021-2022-жылдар аралыгында кызматтык жасалмалоо жолу менен Бишкек шаарынын түштүк аймагындагы кичи райондорду, кварталдарды куруу долбооруна мыйзамсыз өзгөртүүлөрдү (корректураларды) киргизгендиги аныкталды.

Мындан сырткары Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кызыл сызыктары Түштүк Чоң Чүй каналынан баштап, болжолдонгон түштүк айланма жолуна чейин көчөнүн кеңдигин азайтуу жолу менен мыйзамсыз түрдө өзгөртүлгөн.

“Бишкекбашкыархитектуранын” кызмат адамдарынын жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында Жукеев-Пудовкин көчөсүнүнүн көрктөндүрүү менен транспорттук-жөө жүргүнчүлөр зонасы 14 600 чарчы метрге кыскарып кеткен.

Бул тилкенин базар баасы 215 миллион сом болгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кыскарып кеткен аянт баштапкы калыбына келтирилип, материалдык зыяндын орду толтурулду.

Бишкек шаарынын Шаар куруу кеңешинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Түштүк аймагы” долбоорунун автору Жыргалбек Асаналиев. Ал буга чейин “Бишкекбашкыплан” муниципалдык ишканасын жетектеп, 2022-жылдын 19-июлунда кызматтан алынган. Шаардык мэрия тараткан маалыматта аны иштен кетирүүгө “өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун коррупция маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйынындагы сыны себеп болгону” жазылган.

Башкы прокуратура Жыргалбек Асаналиевди былтыр сентябрда кармаган. Сот алгач аны тергөө бүткүчө камакка алып, кийин кайра үй камагына чыгарган.

17-февралда Биринчи май райондук сотунда жүргөн Асаналиевге журналисттер суроо узатышканда ал күнөөсүн моюнга албай турганын айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG